Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада укук бузуулар аныкталды


Омбудсмен институтунун адистери Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканада мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Аталган мекемеден кабарлашкандай, бейтапканада жаткандардын көбүндө дарылануу үчүн соттун санкциясы жок.

Бейтаптардын ар биринин дары-дармеги үчүн мамлекет күнүгө 500 сом каражат бөлөт. Укук коргоочулардын билдиришинче, соттун санкциясы жок туруп бейтапка акча коротуу мыйзамсыз деп эсептелинет.

Айрым учурларда дарыланып жаткандарга жасалган мамиле да адам укугун сактоо нормаларына дал келбестиги ырасталып, медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо маселеси да жолго коюлбаганы, ак халатчандардын да укугу бузулуп жатканы билдирүүдө маалымдалган.

Кыргызстанда айрым чуулгандуу окуяларга катышы бар кишилер атайылап ошол ооруканага жатып, “кызыл документ” алган фактылар катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG