Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Орус чек арачылары украин аскерин кармады


Ростов облусунда орус чек арачылары Украинанын Максим Шляхов аттуу аскер кызматкерин кармап алганы кабарланууда. Орус тараптын ырастоосунда, ал чек араны өткөрүү бекетинен тыш жерден кесип өткөн жана жанында эч кандай документи болбогон. Кармалган жаранга карата "чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн" деген административдик берене боюнча иш козголду. Бул беренеде эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Украинанын Донбасстагы атайын операциясынын штабынын маалымат кызматынан 13-январдын кечинде бир аскер кызматкери орус чек арачылары тарабынан кармалганын ырасташты. Учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Украина чыгышында уруш башталгандан бери орус же украин аскерлери бири-биринин чек арасын кесип өткөнү бир канча жолу кабарланган. Орусиянын Ростов облусу көпчүлүк аймагын орусиячыл жикчилер ээлеп алган Украинанын Донецк жана Луганск облустары менен чектешет.

XS
SM
MD
LG