Киевдин Майданындагы нааразылык акцияларын чагылдырган тасма "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты документалдуу тасма" номинациясына көрсөтүлдү. Аталган сыйлыкка көрсөтүлгөн тасмалардын тизмеси бүгүн Калифорния штатындагы салтанатта жарыяланды. "Оскар" сыйлыгы 28-февралда тапшырылат.
"Отко оролгон кыш: Украинадагы эркиндик үчүн күрөш" деп аталган тасма ошол кездеги президент Виктор Януковичти бийликтен кулаткан евромайдандагы козголуш тууралуу чагылдырат.
Евгений Афинеевскийдин бул тасмасы 2015-жылы Торонтодогу эл аралык Grolsch кинофестивалында "Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма" сыйлыгына татыган.