Бейшембиде өлкө бийликтери бир катар аймактардагы бир күн мурдагы нааразылык акцияларынан кийин активисттерди камакка ала баштады. 13-январда Физули, Аксу, Сиазан, Агжеберди жана Ленкоран райондорунда жүздөгөн адамдар азык-түлүк кымбатташына каршы нааразылыкка чыккан. Бийлик толкугандарды токтотуу үчүн Сиазанга аскер киргизип, көздөн жаш агызчу газ колдонулган. Ушул аймактан эле 55 адам кармалганы кабарланууда. Аларга мыйзамсыз акцияга чыккан, полицияга каршылык көрсөткөн деген айыптар тагылууда.
Бийлик нааразылык акциялары үчүн оппозициялык партияларды айыптоодо.
Сиязан районунун башчысынын орун басары Зафар Алиев 14-январда аймакта кырдаал калыбына келип, тартип орногонун жана баары көзөмөлдө экенин билдирди.