Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Орусия менен энергетикалык келишимдерден чыгуу маселесин КСДП фракциясы бүгүн карайт


Жогорку Нарын ГЭСтери курулчу жер.
Жогорку Нарын ГЭСтери курулчу жер.

Бул тууралуу КСДП фракциясынан 14-январда кабарлашты. Орусия менен Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу жөнүндөгү 2012-жылы жетишилген келишимден чыгуу чечимин өкмөт кабыл алган.

Келишимден чыгуу фракцияларда, комитеттерде каралып, андан кийин тез арада пленардык жыйындын күн тартибине коюлмакчы. КСДП фракциясынын мүчөсү, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев келишим бузулуп, Кыргызстан ГЭСтерди курууга жаңы инвестор издеш керектигин билдирди:

-Камбар-Ата-1ге Кытайдан, Индиядан, Араб өлкөлөрүнөн, Түркия жана Түштүк Кореядан инвестиция тартса болот.

Осмонбек Артыкбаев Орусиядагы кризис келишимди аткарууга тоскоолдук кылганын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG