Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатынан ажыратуу боюнча маселе бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.
Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин фракциянын сунушунун негизинде 11-январда чыгарган. Жумалиева менен Эсенаманова мындан кабарсыз экенин, кызматты тапшырууга арыз жазышпаганын айтып, сотко кайрылышкан.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул жагдайды “фракциялык диктатура” деп атаган.
Парламенттин 14-январдагы жалпы отурумунда мандат чырын кароо күн тартибине коюлуп, бирок кворум жок деп каралбай калган.
“Кыргызстан” фракциясы дагы бир депутат Урмат Ишенбековдун да мандатын алуу сунушун киргизген. БШК аны кароону кийинкиге калтырган.(SE)