Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Мандат чыры боюнча сот түштөн кийин уланат


Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатынан ажыратылышы боюнча сот отуруму бүгүн саат 13:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланат. Эртең менен саат 9да башталган жараян бир сааттан ашуун убакытка созулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөсү угулду. Төрага Алмаз Калыбаев соттун жүрүшүн тасмага тартууга уруксат бербеди. Бирок журналисттер отурумга көз салып турушат.

Ал арада сот имаратынын сыртында депутаттардын тарапкерлери адилет чечим чыгарылсын, деген талап менен митинг өткөрүүдө.

Эки депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин БШК 11-январда чыгарган. Буга фракциянын сунушу негиз болгону айтылган. Жумалиева менен Эсенаманова кызматты тапшырууга арыз жазышпаганын айтып, сотко кайрылышкан. (SE\MTo)

XS
SM
MD
LG