Орусиянын тергөө абактарында мындан ары этикага сыйбаган сөздөрдү жана абактагы жаргон терминдерди колдонууга тыюу салынат. “Интерфакс” тараткан маалыматка ылайык, Юстиция министрлиги камакта отургандарды башка кишилер менен сүйлөшүп жаткан кезде адеп-ахлакка жатпаган, коркутуу жана мазактоо элементтери бар сөздөрдү колдонуусуна тыюу салган буйрук чыгарды. Андан сырткары, күзөт камераларынын бетин тосууга, изолятордогу дарыгердин уруксаты болмоюнча дары-дармектери алып, пайдаланууга да болбойт.
Мындай демилгени 2013-жылы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчи орунбасары Анатолий Рудий көтөргөн эле. (SE)