Жалал-Абад шаарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык деп улутташтырылган курулуш маркети өкмөттүн буйругуна ылайык шаардык мэрияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Таирбек Чойбеков "Азаттыкка" билдирди.
Курулуш маркети улутташтырылгандан кийин облустук бийликке жана атайын түзүлгөн элдик ишканага берилип, каржылык булагы кайсыл жакка иштетилгени белгисиз болуп келген.
-Шаар бийлиги жаңы жайды иштетүүдөн бюджетке жылына 60 млн сом киреше түшүрүүнү пландап жатат,- деди Чойбеков.
Мындан сырткары Кадыржан Батыровго тиешелүү эски консерва заводунун 2,6 гектар аймагы да шаар бийлигине берилди. Ал жерге дыйкан базары уюштурулат. (RsK)