“Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимди сот мыйзамсыз деп тапты. Иш бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды.
Судья Алмаз Калыбаев депутаттардын мандатын алуу боюнча “Кыргызстан” фракциясы БШКга берген сунушту мыйзамсыз деп атады.
Сот жараянын тасмага тартууга уруксат берилбеди. Бирок журналисттер отурумдун жүрүшүнө көз салып турушту.
Сот имаратынын сыртында депутаттардын тарапкерлери адилет чечим чыгарылсын деген талап менен митинг өткөрүштү.
Эки депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин БШК 11-январда чыгарган. Буга фракциянын сунушу негиз болгону айтылган. Жумалиева менен Эсенаманова кызматты тапшырууга арыз жазышпаганын айтып, сотко кайрылышкан. Кечээ мандат чыры Жогорку Кенештин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, бирок кворум жок деп каралбай калган.
Сот чечимине нааразы тарап үч күн ичинде кийинки сотко кайрыла алат.(SE\MTo)