Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

Республикачылар Ак үйдү Иран саясаты боюнча сынга алышты


АКШда республикачыл лидерлер Ак үйдү Иран саясатындагы жумшактыгы үчүн сынга алышты.

Партия атынан президенттикке ат салышууга талаптанып жаткандар 14-январдагы айтыштарда жана Конгресстеги жыйында Иран телеканалдары такай көргөзүп жаткан окуяга эмне себептен президент Барак Обама жылдык кайрылуусунда америкалык деңиз аскерлеринин Иранда кармалышын сөз кылбай койгонуна кызыгышты.

Президенттикке озунуп чыкчу талапкер эсептелген сенатор Тед Круз “колдорун көтөрүп турган америкалыктардын сүрөттөрү жүрөк оорутканын” айтты.

Конгрессмен Стив Скализ "душмандарыбыз Американын дүйнөлүк сахнадагы кубатынан коркушса, мындай окуя болбойт эле" деди.

Америкалык 2 катер навигация системасындагы мандемден улам, 12-январда кокусунан Ирандын аймагына кирип кеткенде, Ислам жумуриятынын деңиз күчтөрү 10 кишиден турган экипажды кармап, көп узабай кое беришкен.

XS
SM
MD
LG