Жалал-Абад облусунда 2015-жылы 87 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгууга арыз берсе, 1300 адам атуулдук алган. Бул тууралуу облустагы Паспорт-виза аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурлан Жакыпов билдирди. Дагы 910 адам жарандык алууга кайрылган. Алардын 760ы этникалык кыргыздар,138и башка өлкөдөн келин болуп келгендер.
Облус аймагында, расмий маалымат боюнча, калктын саны 1 млн 200 миң кишини түзөт. (RsK)