Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Баткенде байланышсыз 19 айыл бар


Баткендин Зардалы айылына барчу жол.
Баткендин Зардалы айылына барчу жол.

Баткен облусунун аймагында эч кандай байланышсыз 19 айыл бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн Экономиканы жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Облуста жалпысынан 189 айыл болсо анын 19унда телефон байланышы жок жана ал жердегилер сыналгы көрө алышпайт. Анын ичинде чек арадагы айылдар да бар.

Байланышсыз турган 19 айылга толкун жеткирүү иштери дагы эки жылда аяктайт. (JsA)

XS
SM
MD
LG