Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Кадыр Маликовго кол салгандар дагы эле Түркияда кармалып турат


Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салуу боюнча шектелип, Түркияда кармалган Кыргызстандын эки жараны дагы эле экстрадиция боло элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирип, шектүүлөр экстрадиция эмес, депортация болушу керектигин айтты. Бул жаатта сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын бетине бычак шилтешкен. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекетинин" тарапкерлери болгонун билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, Маликовго кол салгандан кийин Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Алар кылмышты жасаганын моюнуна алганы расмий кабарланган.

Маликовдун туугандары ал дагы эле дарыланууга, операцияга муктаж экенин айтып келишет. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG