Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Азербайжанда демонстранттар күч менен таркатылууда


Азербайжандын Губа шаарында экономикалык каатчылыкка нааразылыгын билдирип чыккан демонстранттарды Ички иштер министрлигинин аскерлери суу жана жаш агызчу газ менен таркатууга аракеттеништи. "Азаттыктын" азери кызматынын кабарчылары жеринен билдиришкендей, эски автовокзалдын жанына миңдей шаар тургуну чогулган. Район администрациясынын жетекчиси Яшар Мамадов митингчилер менен жолугушуп, маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убада кылды.

Чогулгандар жумушсуздуктун өскөнүн, насыяларды кайтаруу кыйындаганын, социалдык төлөмдөрдүн өз убагында берилбей жатышына нааразылыгын айтышты. Алар борбор калаа Бакуга кетчү жолдорду тороого аракеттеништи.

Губада 2012-жылы нааразылык акциялары зордук-зомбулук менен коштолгон эле.

Шаршемби күнү Азербайжандын бир нече чөлкөмүндө экономикалык абалга нааразы болгондор көчөлөргө чыгышкан.

Өткөн жылдын этегинде улуттук акча – манат эркин коё берилгенден кийин анын баасы 40 процентке арзандап кеткен. Натыйжада баалар кескин өскөн.

XS
SM
MD
LG