Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Францияда жаңы дарыны сыноого катышкан 6 киши ооруп калды


Францияда жаңы дарынын клиникалык сыноосуна катышып жаткан алты киши катуу ооруп калды. Бир бейтап комага түшүп, дагы бешөө ооруканага жаткырылды. Бирок алардын диагнозу азырынча айтыла элек. Сыноого чейин алар өздөрүн жакшы сезишкен.

Саламаттык сактоо министри Марисол Турен Ренн шаарындагы "европалык лаборатория" ооруну баскан кара куурайдын негизиндеги препаратты сынап жатканын айтты. Изилдөөлөр токтотулуп, Париж прокуратурасы тергөөнү баштады.

XS
SM
MD
LG