Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШ Ирак менен Сириядагы соккуларда 8 киши набыт болгонун билдирди


АКШнын куралдуу күчтөрү өткөн жылы Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун турумдарына каршы беш жолу сокку урулганда карапайым сегиз киши набыт болуп, үч киши жарадар болгонун билдиришти.

Борбордук командачылык 15-январда маалымдагандай, иликтөө ошол чабуулдар куралдуу жаңжал шартындагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүн жана жай тургундар арасында жоготууларды алдын алуу чаралары көрүлгөнүн көргөздү.

Билдирүүдө АКШ аскерлери ошол соккулар бейкүнөө адамдардын “капилет өлүмүнө жана жабыркашына алып келгенине өкүнүшөт” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG