Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

ИМдин тузагына илингендер азайды


Сирияга кеткен тажик согушкерлери
Сирияга кеткен тажик согушкерлери

Тажикстанда Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп жаткандардын аягы тыйылбаганы менен алардын саны кыйла азайганы байкалууда.

Жалпы Тажикстан боюнча “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулгандардын саны 500дүн тегерегинде экени айтылып жүрөт. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк райондорунун тургундары. Бул сан боюнча биринчи орунда Кыргызстандын Баткен облусу менен чектеш Согди облусундагы Исфара району турса, экинчи орунду ушул эле облустагы Спитамен району ээлейт. Бул облустан Сириядагы согушка кеткен 110 адамдын 37си ушул райондон. Алардын айрымдары аял, бала-чакасын кошо ала кеткен.

Спитамен районунун бийлиги азыр калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, жаштардын радикал топторго кошулуп кетүүсүнүн алдын алуу чараларын көрүүдө. Район жетекчиси Ориф Кодирзода калк арасындагы сурамжылоолор экстремисттик топторго негизинен жакыр жашаган катмардагылар көбүрөөк тартыларын, алар Орусияга иш издеп кетип, ошол жактан террордук топко азгыргандардын торуна чалдыкканын көрсөткөнүн айтат.

- Мындан улам биз жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн үй-жайын оңдоого жана башка керектөөлөрүнө колдон келген жардамыбызды берип турууну чечтик, - дейт район башчысы.

130 миң калктуу Спитамен району облус борбору Хожент шаарынан 30 чакырымдай гана аралыкта жайгашкан. Аймак сугат жерге бай болгондуктан эли негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенет. Мындан тышкары ишкана-мекемелер көп болгондуктан калктын дагы бир бөлүгү иш менен камсыз болгон. Ушундан улам бул райондон башка аймактарга салыштырмалуу Орусияга иш издеп кеткендер азыраак. Маселен, 2015-жылдагы маалымат боюнча Спитамендин он миңден ашуун тургуну гана Орусияга иштегени кеткен.

Анда эмне үчүн бул райондон Сириядагы согушка аттангандар көп?

Район башчысы Ориф Кодирзода алар негизинен Тагояк айыл округунун тургундары экенин, диний билими жакшы эместиктен Орусияда миграцияда жүрүп, экстремисттердин азгырыгына алданып, Сирияга кеткенин айтат. Анын белгилешинче, бул эки жыл мурда болгон жана азыр от күйгөн аймакка аттангандар жокко эсе.

Аталган райондун туругун Зулайхобон Гоибнозорова да ушундай эле ойду айтат:

- Сирияга кеткендердин көбүндө жогорку билим жок эле, бирок аябай иштерман болчу. Алар кандайдыр бир кара күчтөрдүн же башкача айтканда, биздин душмандардын торуна чалдыгып, чыга албай калса керек.

Былтыр Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Тажикстан да Сирияга аттанганы жаткан жарандардын жолун тосуу үчүн диний радикализмге каршы күрөштү күчөтүп, бул боюнча маалымат каражаттары да байма-бай чагылдырып турду. Мунун натыйжасында экстремисттик топтордун катарына кошулгандар мурдагы жылдарга салыштырмалуу кескин азайганы байкалган.

Кыргызстанда да 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Сирияга жол тарткандардын кыйла азайганын 15-январда Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди. Анын айтымында, азыркыга чейин Сирия менен Ирактагы экстремисттик топторго кошулган 508 кыргызстандык аныкталган. Алардын 33ү ошол жактан ажал тапса, кырк чактысы мекенине кайтып келген.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган радикал топ Сириянын Ракка шаарында 2013-жылы негизделип, халифат орнотууну жарыялаган. Топ өзүн 2006-жылы 11 экстремисттик топтун кошулуусу менен куралган "Ирак Ислам мамлекети" террордук уюмунун улантуучусу катары айтып жүрөт. Радикалдык топ азыр Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган.

АКШ баштаган эл аралык коалиция бир жылдан ашуун убакыттан бери бул топко каршы операция жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG