Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Чукул билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт


Ысык-Көлдөгү Жомок каньону
Ысык-Көлдөгү Жомок каньону

Дээрлик акыркы бир айга созулган жылуу аба ырайынан кийин 17-19-январь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 17-18-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда кардын калың жаашы күтүлөт. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат.

Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

18-19-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо калың жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүлөр чогулуп, жолдор тоңголок, тайгак болот.

18-19-январда абанын температурасы төмөндөп, сууктун күчү өрөөндөрдө күндүз -15, түнкүсүн -25 градуска чейин жетет. Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн 30 градуска чейин суук болот.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG