АКШ мамкатчысы Жон Керри Венада Ирандын Тышкы иштер министри Мохамед Зариф менен жолугушат. Анда Тегеранга киргизилген санкциялардын алынышы жарыяланат деп күтүлүүдө.
16-январда Венада МАГАТЭ өзөктүк программа боюнча Ирандын милдеттенмелери, анын аткарылуусу тууралуу баяндама жасайт. Мурда жетишилген келишимге ылайык, Иран мындан ары өзөктүк программаларын тынчтык максатта гана ишке ашыруусу тийиш.
Эл аралык санкциялар алынса, Ирандын чет мамлекеттердеги банктарда жабылган эсептерине жол ачылат. АКШ каржы министрлигинин эсеби боюнча банктарда Ирандын 50 миллиарддай акчасы бар. Ошондой эле Иран мунайды сыртка экспорттоону күнүнө 500 миң баррелге чейин көбөйтө алат.