Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

"Эл тараза" аттуу социологиялык иликтөө жүргүзүү сунушталууда


Сунуш ээси –Улуттук биримдик кыймылынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, социологиялык изилдөөнүн максаты - эл ичинен мекенчил, ишмер, колу таза, билимдүү, адискөй, эл ишенимине ээ болгон жана лидерлик сапаты бар инсандарды аныктоо. Аталган кыймыл коомчулук таразасына 100 адамдын аты - жөнүн алып чыккан. Тизмеге киргендер жалпы элдик пикирлердин негизинде, аздыр-көптүр жасаган эмгектери, улуттук-мекенчил идеалдарга ык койгон жактары эске алынган адамдар дейт Кыймылдын өкүлү Кадыр Кошалиев:

- Долбоордун шарты боюнча каалоочулар сунушталган адамдардын ар бирине макул же каршы экенин билдирүүсү керек. Бул тизмеге кирбей калган татыктуу жаңы адамдарды сунуштоого жол ачык. Эң көп добуш алган 60 адамдын тизмеси 2016-жылдын март айында өтө турган Улуу Курултайдын кароосуна коюлат.

Долбоор Улуттук Биримдик кыймылынын демилгеси менен 2016-жылдын 15-январынан баштап коомдук талкууга коюлду. Элдик социологиялык иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары 2016-жылдын 1-март карата чыгарылат. Бул долбоорду калыс, адилет ишке ашыруу максатында аксакалдардан, илимпоз-социологдордон жана Улуттук Биримдик кыймылынын өкүлдөрүнөн турган коомдук комиссия иш алып барат. Алардын курамы, аты-жөнү жөнү ар кандай кысым, басымдардан сактануу максатында жашыруун бойдон калган.

Добуш берүү Улуттук биримдик кыймылынын Фейсбуктагы баракчасында, айрым маалымат каражаттарында жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG