Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Чоң-Алайда жол тоскондор тарашты


15-январда Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кенин иштеткен "Кайди" компаниясына караштуу жүк ташуучу унаалар жүрчү жол тосулган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол бүгүн, 16-январда ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Жумаш Жапаров билдирди. Акимдин айтымында, Жаш-Тилек айылынын тургундары буга чейин айыл өкмөттүн социалдык өнүгүүсү үчүн 5 млн. сом бөлүү убадасын азыр аткарууну талап кылышкан:

"Кенди иштеткен компания социалдык өнүгүү үчүн акча бөлүп беребиз деп убада кылган эле. Алар ошол акчаны бүгүн, азыр бергиле деп талап кылышты. Ишенбей атышат окшойт, “алдап кетишет, ошондуктан, азыр берсин” деген талаптар болду. Сүйлөшүп, элди тараттык, жол ачылды", - деди аким.

Жергиликтүү бийлик жана "Кайди" компаниясынын жетекчилиги эл менен жолугуп, ал каражатты апрель айында төлөп бермей болушту.

Жергиликтүү элдин каршылыгынан улам төрт жылдан бери токтоп турган завод январь айынын башында ишке кирген. Кара-Казык алтын кенин кытайлык "Кайди" компаниясы казууга уруксат алган.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG