Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Азербайжанда дагы бир оппозиционер кармалды


Азербайжан
Азербайжан

15-январда Ширвана шаарында Элдик фронт саясий партиясынын мүчөсү Шаин Ализаде кармалды. Ага полицияга каршылык көрсөткөн деген айып тагылууда. Партия төрагасынын орун басары Гөзал Байрамлы бийлик саясий репрессия жүргүзүүнү улантып жатат деген пикирин Turan агенттигине билдирди:

"Бүткүл өлкөдө көчөгө чыккан эл талап кылып жаткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, бийлик оппозиционерлерди камоодо", - деди Гөзал Байрамлы.

Кымбатчылыкка жана өлкөдөгү экономикалык оор акыбалга нааразылык акциялары Азербайжандын түрдүү аймагында өтүүдө. Бийлик башаламандык уюштурду деген себеп менен ондогон кишини камакка алды.

Өткөн жылдын этегинде улуттук акча – манат эркин коё берилгенден кийин анын баасы 40% арзандап кеткен. Натыйжада баалар кескин өскөн.

XS
SM
MD
LG