Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Москва Донбасстагы кырдаалды тынч жөндөөгө кызыкдар


Мындай пикирин АКШ мамдепартаментинин санкциялар боюнча координатору Дениэл Фрид билдирди. Анын айтуусунда, Москва Минск келишимдерин аткарган соң, тагыраагы Донбасста шайлоо өтүп, согуштук аракеттер токтоп, Украинанын чыгышындагы чек арасы калыбына келгенде” Орусияга карата киргизилген санкциялар алынат.

Вашингтондогу университетте сүйлөгөн сөзүндө Фрид Орусия Донбасстагы кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөндөөгө кызыкдарлыгын айтып, бул 2016-жылы ишке ашарына үмүттөнөрүн билдирди.

15-январь күнү АКШнын мамлекеттик департаменти Калининградда өтүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жемиштүү болду деп баалады. АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурковдун жолугушуусунда Минск келишимдеринин аткарылышы тууралуу сөз болгон.

Сурков сүйлөшүүнү “пайдалуу болду” деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG