Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Батыш Иранга киргизген санкцияларды алып салды


Федерика Могерени жана Мухаммед Жавад Зариф биргелешкен маалымат жыйынында. 16-январь, 2015-жыл. Вена.
Федерика Могерени жана Мухаммед Жавад Зариф биргелешкен маалымат жыйынында. 16-январь, 2015-жыл. Вена.

Ирандын өзөктүк программасынан улам Батыш мамлекеттери киргизген санкциялар 16-январда алынды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерени Вена шаарында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Могерени санкциялар Иран бийлиги эл аралык келишимдерди аткарганына байланыштуу алынганын белгиледи.

Мындан ары Ирандын чет мамлекеттердеги банктарда жабылган эсептерине жол ачылат. АКШ Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, банктарда Тегерандын 50 миллиард долларга жакын акчасы бар.

Ошондой эле санкциялардын алынышы менен Иран мунайды сыртка экспорттоону күнүнө 500 миң баррелге чейин көбөйтө алат.

Тегеран жана дүйнөлүк алты держава былтыр жайында жетишкен келишимге ылайык, Иран уран байытуу ишин чектөөгө макул болсо, анын ордуна санкциялар алынат деп убада кылынган. (SE)

XS
SM
MD
LG