Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Кыргызстанда электрондук медициналык карталарга өтүү сунушталууда


Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук медициналык карталарды колдонуу ыкмасын ишке ашырууну мерчемдеп жатат. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул ыкма дарыгердин кабыл алуусуна электрондук түрдө жазылууга жол ачып, бейтапканалардагы кезек күтүү маселесин жоймокчу. Андан сырткары, төлөм карта аркылуу ишке ашып, тармактагы паракорлук азайат деп күтүлүүдө.

Медициналык мекемелерге электрондук каттоону киргизүү 2014-2017-жылдары ишке ашырылат деп пландалган “Электрондук өкмөт” программасына кошулган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG