Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Кытайда барымтага алынган кыргызстандык бошотулду


Кытайдын Шинжаң уйгур автономиясында белгисиз кишилердин колунда турган 30 жаштагы кыргызстандык жаран бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жакында аны Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы Хоргос калаасында белгисиз кишилер кармап кетип, бошотуу үчүн жакындарынан 20 миң доллар талап кылышкан.

Кытайдагы кыргыз элчилиги, Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү виза бөлүмү жана Кытай күч органдарынын биргелешкен аракетинин натыйжасында барымтадагы адам 12-январда бошотулду. Аны кармагандар ким экени, камакка алынган-алынбаганы тууралуу айтылган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG