Орус өкмөтү футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионат өтчү объектилерди өз учурунда куруп бүтүү максатында Түркиянын курулуш компанияларына карата санкцияларды жумшартууга даяр.
“Коммерсант” гезити кабарлагандай, 60 миллиард рубль өлчөмүндөгү курулуш иштерин аягына чыгаруу үчүн Түркиянын 30 компаниясына санкциялар жарым-жартылай алынат. Бирок бул үчүн түрк компаниялары Орусия менен биргелешкен компания түзүүгө макулдук бериши керек. Москва биргелешкен ишканалардагы Орусиянын үлүшү 75 пайызды түзүшү керек деген шартты да коюп жатат.
2015-жылы Түркия Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкө ортосундагы мамиле сууп, 1-январда Москвага Анкарага карата бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. (SE)