Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Футбол: Кыргызстан-Беларус – 1:0


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U 22) шериктештик кубогунда беларус атаандаштарын утуп алды. Оюн 17-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өттү. Беттеш 1:0 эсебинде аяктап, кыргыз тарапка таандык жалгыз голду Ахлидин Исраилов киргизди.

Бүгүн башталган шериктештик кубогунун оюндарына Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышууда.

"А тайпасында Кыргызстан, Беларус, Казакстан жана Молдова күч сынашат. “B” тобунда Латвия, Эстония, Орусия жана Тажикстан ойнойт.

Кыргыз футболчулары 19-январда Молдованын, 21-январда Казакстандын командалары менен беттешет. Финалдык оюндар 23-январда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG