Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Шайлоонун шарттарын үйрөткөн акция башталды


Өлкөнүн беш облусунда жарандарды шайлоого жигердүү катышууга үндөгөн “Үйрөн. Катыш. Чеч.” аттуу бир жумалык акция башталды.18-январдан 24-январга чейин улана турган акцияны Youth of Osh коомдук бирикмеси Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Чүй облустарындагы 14 айылда уюштурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун өкүлү Назгүл Акылбек кызы билдирди.

- Анкетага жарандар өздөрү билгенче жооп беришет. Артынан ошол суроолордун туура жооптору жазылган маалыматтык бюллетендерди беребиз. Бул ыкма шайлоо тууралуу так маалымат алууга жардам берет.

Акцияга ар кыл курактагылар катышат. Адистер аларга шайлоого байланыштуу 20 суроо жазылган анкета таратып, кайра жооп алышат. Иш чарага эл аралык ЮНИСЕФ уюму каржылык көмөк көрсөтөт. (SE)

Кыргызстандыктарды шайлоого катышууга чакырган акция башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG