Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Жогорку Сот эки депутаттын мандат чырын карайт


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын эки депутатына байланыштуу мандат чыры ушул жумада Жогорку Сотто каралат, бирок датасы азырынча анык эмес.

Депутаттарды мандатынан ажыратуу мыйзамсыз экени тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге нааразы болгон Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко өткөн жума соңунда кайрылган. БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров ”Азаттыкка” билдиргендей, арыз мыйзам боюнча үч күн ичинде каралышы керек.

15-январда Биринчи Май райсоту “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча БШКнын 11-январда чыгарган чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Эки депутатты мандатынан ажыратуу боюнча сунушту БШКга “Кыргызстан” фракциясы тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG