Бишкек шаарында эки адам өрт кырсыгынын айынан өмүрүнөн ажырады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 18-январга караган түнү Нарвская көчөсүндө жайгашкан жер тамдардын биринде болгон. Жалпы аянты 80 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн ичи-сырты күйгөн.
Өрт болгон жерден үй ээси, 82 жаштагы Раиса Бурлуцкая жана уулу, 55 жаштагы Евгений Бурлуцкийдин сөөгү табылган.
Кырсыктын себеби такталууда.
ӨКМ маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. (RK)