Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:10

19-январдын аба ырайы


19-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден Ысык-Көл акваториясында түнкүсүн 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -8...-13, түндүгүндө -13...-18, күндүз -2...+3, түндүк тарабында 0...-5,

Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2,

Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -4...+1,

Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 0…2.

XS
SM
MD
LG