Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Парламенттик комитетте "чет элдик агенттер" боюнча жолугушуу өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетте "чет элдик агенттер" боюнча мыйзам долбоору каралат. Жолугушууга чакырылган укук коргоочулардын бири, "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюмунун жетекчиси Динара Ошуракунова талкуу эмес, жөн гана жолугушуу болорун "Азаттыкка" айтты.

Жабык өтө турган иш-чарага башка да бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышат.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, алардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында демилгеленген. Жаңы шайланган парламент аны карай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG