Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:26

Иранга каршы санкциялар алынышы мунайды арзандатты


Дүйшөмбүдө эртең менен Лондон биржасындагы соодада Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 28 долларга түштү. Бул акыркы 13 жылдагы эң төмөнкү баа. Бирок көп өтпөй бул баа бир аз өсүп, бир баррел мунай 28 жарым долларга чыкты.

Мунайдын баасы ишембиде Иранга каршы экономикалык санкциялар алынганы жарыяланган соң арзандады. Былтыр ноябрда Иран бийлиги санкциялар алынар замат мунай экспортун көбөйтүп, аны күнүнө бир миллион баррелге чейин жеткирүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Иран менен былтыр жетишилген ядролук келишимге ылайык, АКШ менен Евробиримдик 17-январда Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдү толук алып салган.

XS
SM
MD
LG