Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Айбек Калиев Энергохолдингдин жетекчиси болуп дайындалды


Айбек Калиев
Айбек Калиев

Жаңы түзүлгөн Энергохолдингдин директору болуп Айбек Калиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев күз-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Калиев буга чейин экономика министринин энергетика маселелери боюнча орун басары болуп келген.

Кыргызстан электр энергиясын өндүрүү, ташуу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баарын бириктирип, өзүнчө холдинг түзүүнү чечкен. Өкмөттүн пикиринде, ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңсе болот. (RK)

XS
SM
MD
LG