Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Орус акчасы ылдыйлоосун улантууда


Москва биржасындагы бүгүнкү соодада рубль былтыркы декабрдан берки төмөнкү чекти жаңылап, бир доллар 78 рубльдан ашты. Евро дагы кымбатап, бир евро 85 рубльдан ашып кетти.

Мындай арзандоо дүйнөлүк базарда мунай баасы улам төмөндөп баратышы менен байланыштырылууда. Иранга каршы экономикалык чектөөлөр алынган соң, бүгүн эртең менен Лондон биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 28 долларга түшкөн.

Иран менен былтыр жетишилген ядролук келишимге ылайык, АКШ менен Евробиримдик 17-январда Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды толук алып салган.

XS
SM
MD
LG