Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Маданият ишмерлеринин калем акы маселеси чечилди


Кыргыз сахнасында коюлган спектаклдердин бири.
Кыргыз сахнасында коюлган спектаклдердин бири.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн Бишкек шаарында композиторлор менен драматургдарга калем акы алууга уруксат берген сертификаттарды тапшырат.

2015-жылдын 24-декабрында маданият ишмерлери Каржы министрлигинин алдына митингге чыгып, мамлекеттик театрларда коюлган чыгармалары үчүн берилчү калем акы жыйырма беш жылдан бери төлөнбөй жатканына нааразылык билдиришкен. Маселени чечип берүүнү өтүнүп өкмөт башчы Темир Сариевге жана Каржы министрлигине кайрылуу кат жолдошкон эле.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов “Азаттыкка” билдиргендей, 8 композиторго жана 17 драматургга символикалык калем акы бериле турган болду.

Кыргызстанда маданият ишмерлеринин калем акы маселеси чечилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Калем акы алуучу композиторлор:

Наргиза Курманова - 30 миң сом,

Карина Виноградова - 30 миң сом,

Кубаныч Осмонов – 35 миң сом,

Жылдыз Малдыбаева – 35 мин сом,

Сатылган Осмонов – 35 миң сом,

Совхозбек Айтикеев – 35 миң сом,

Турдубек Чокиев – 120 миң сом,

Гүлмира Эсенгулова – 120 миң сом.

Драматургдар:

Гүласал Алиева – 50 миң сом,

Аманбек Жапаров – 50 миң сом,

Жумабек Осмонов – 50 миң сом,

Өмүрзак Токтомуратов – 50 миң сом,

Каныбек Дүйшөналиев – 50 миң сом,

Тыныбек Сыдыков – 50 миң сом,

Менди Мамазариева – 50 миң сом,

Керез Зарлыкова – 50 миң сом,

Элмира Токтомушева – 50 миң сом,

Чынара Калыбекова – 50 миң сом

Жаныш Кулмамбетов -50 миң сом

Нурлан Абдыкадыров – 50 миң сом,

Бактыбек Максүтов – 50 миң сом,

Нурлан Абдыкадыров –50 миң сом,

Бурул Калчаева – 50 миң сом,

Жеңишгүл Өзүбекова – 50 миң сом,

Таалай Дооронов -60 миң. (SE)

XS
SM
MD
LG