Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Баткендеги ишкерлер Кыргыз-орус фондунун насыя шарттарына нааразы


Баткен облусундагы ишкерлер тобу Кыргыз-орус өнүгүү фондунун насыя берүү шарттарына нааразы болуп өкмөткө кайрылуу жолдогону жатышат. Алар аймакта ири сумма алуу үчүн күрөөгө койгонго ылайыктуу имараттар жоктугун эске алып, анын ордуна банк берген акчага сатып алынган жабдыктарды күрөөгө коюуга уруксат берүүнү суранышууда.

Ошондой эле фонддун насыяларын элге берүү менен алектенген РСК жана “Айылбанк” кызматкерлерине эл менен иштешүүнү жандантууну милдеттендирүү зарылдыгын белгилешет. Бул тууралуу облустук Ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чотбаев “Азаттыкка” билдирди:

-Банкта иштегендер кредитти төктүрүүдө кыйынчылыктар болот, деген себептен улам насыя берүүгө кызыкдар эместей. Фонддон акча бөлүнгөндөн бери Ошто 70 адам каражат алды. Баткенде бир эле ишкер алыптыр. Өкмөт банк кызматкерлеринен адамдар менен иштөөнү жандантууну талап кылса жакшы болмок.

Өткөн жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү кору түзүлүп, ишкерлик үчүн РСК жана “Айылбанк” аркылуу 12 пайыздык жылдык үстөк насыя бериле баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG