Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Өкмөт башчы Кыргыз-орус фондунун ишин жандантууну тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев 18-январь күнү Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердигин кеңейтүү боюнча жыйын өткөрүп, экономикалык тармакка насыя берүү ишин жандантууну тапшырды. Андан сырткары, фонддун каражатын натыйжалуу пайдаланып, жаңы ишканаларды ачууга басым жасоо зарылдыгын, айыл чарбасына берилген насыя шарттарын жеңилдетип, тигүү тармагын да колдоого алууну белгиледи.

Өткөн жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү кору түзүлүп, ишкерлик үчүн РСК жана “Айылбанк” аркылуу 12 пайыздык жылдык үстөк насыя бериле баштаган.

Фонддун уставдык капиталын 500 млн долларга жеткирүү жана кошумча дагы 500 млн доллар насыяга каражат табуу милдетин Орусия өзүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG