Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги кезектеги сүйлөшүүгө келди


"Кумтөрдүн" эритилген алтыны.
"Кумтөрдүн" эритилген алтыны.

Centerra Gold Inc. компаниясынын Башкы аткаруучу директору Скотт Пери баштаган жетекчилиги "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу аталган ишкананын Директорлор кеңешинен “Азаттыкка” 18-январда билдиришти. Сүйлөшүүлөр ушул жума ичинде жүрөт.

Премьер-министр Темир Сариев кыргыз өкмөтү “Кумтөр” боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн чыгып, жаңы макулдашууларды түзөрүн өткөн жылдын соңунда парламентте билдирген.

Кыргыз тарап “Кумтөрдөн” 2016-жылы бюджетке 5 млрд сомдон ашуун киреше түшөрүн айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG