Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Теңге күчүн жоготууда


Казакстандын фондулук биржаларында дүйшөмбү күнү 1 АКШ доллары 372,58 теңгеге бааланды. Бул көрсөткүч Улуттук банктын расмий маалыматына салыштырмалуу 11,68 теңгеге жогору. Биржада доллардын жогорку баасы 375 теңгеден сатып алынды. Алматынын акча алмаштыруучу жайларында да доллардын теңгеге болгон катышы ушундай эле наркта.

Казак валютасынын нарксызданышы мунай баасынын арзандашына байланыштуу. Дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунай Ирандын санкциялары алынгандан бери дагы ылдыйлады. Эми Иран өзүнүн мунайын сыртка сата баштай турганы күтүлүүдө. Өткөн аптада Ирандын өзөктүк программасынан улам Батыш мамлекеттери жана АКШ киргизген санкциялар жокко чыгарылган. Буга Тегерандын эл аралык келишимдерди аткарганы себеп болду. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG