Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Азербайжан менен Армения Иранга каршы санкциялар алынышын кубаттады


Кавказдагы атаандашкан бул эки өлкө тең Ирандын ядролук программасына байланышкан экономикалык санкциялар алынганын кубаттаган билдирүүлөрдү таратты. Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 18-январда алты өлкө менен Ирандын ортосундагы ядролук келишим ишке ашуусу Баку менен Тегеран ортосундагы кошуналык, достук кызматташтыкты мындан да өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Армян тышкы иштер министри Эдвард Налбандян да санкциялар алынышын кубаттап, Армения Иран менен эки тараптуу кызматташтыгын чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран өзөктүк программасы боюнча алты держава менен былтыр жетишилген келишимдеги бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Мындан соң, 17-январда АКШ менен Евробиримдик Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдү толук алып салган.

XS
SM
MD
LG