Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Сирияда мурдагы тажик чек арачысы мерт болду


Тажик чек ара кызматынын мурдагы офицери Давлат Чолов Сириядагы кагылыштардын биринде ажал тапканын бүгүн "Азаттыктын" тажик кызматына Куляб райондук милиция башчысынын орун басары Абдукодир Мирзозода билдирди. Бир жума мурда ал Давлат Чолов "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткенин жана акыркы убакта Иракта жүргөнүн айткан.

45 жаштагы Давлат Чолов Тажикстандагы жарандык согуш учурундагы Элдик фронттун командири Курбон Чоловдун бир тууганы эле. Ал мурда Тажикстандын чек ара кызматында иштеп, тажик-ооган чегинде кызмат өтөгөн. 2003-жылы аскер бөлүгүндөгү жоголгон курал-жарак боюнча айыпталып камалган. Кийинчерээк айып пул төлөө менен абактан бошогон.

Акыркы төрт айдан бери анын Сирияга кеткени боюнча сөз жүргөнү менен так маалымат жок эле.

XS
SM
MD
LG