Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Аксы районунун тургундары төлөмдөргө байланыштуу бийликке кайрылышты


Жалал-Абаддын Аксы районунун тургундары президент менен спикерге социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнө байланыштуу кайрылуу жолдошту. Ага негизинен Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундары кол койгон. Бул тууралуу райондогу жергиликтүү кеңештин депутаты Надырбек Жаныбеков "Азаттыкка" билдирди.

Кайрылууда соңку кездери соцфондго жана жер үлүштөрүнө болгон салык баасынын жогорулашын элдин чөнтөгү көтөрбөй турганы айтылган. Мындан сырткары балдарга төлөнүүчү жөлөкпул көп үй-бүлөлөргө берилбей, февраль айынан киргизилүүчү камсыздандыруу жараяны да элге оорчулук алып келери жазылган. Жалпысынан катка 500гө чукул адам кол койгон.

Быйыл жер үлүшүнө социалдык фондго төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогорулаган. Мурда жүз сомго жетпеген каражат төгүп жүргөндөр жаңы эреже боюнча андан он эсе көп төлөйт. Сумма жарым жыл сайын өзгөрөт. Мисалы, 2015-жылдын 1-июлунан киши башына 680 сомдон төлөнсө, 2016-жылдын 1-январынан тарта ал 720 сомго жогорулаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG