Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Тажикстан Борбор Азиядагы эң жакыр мамлекет деп табылды


Эл аралык Global Hunger Index изилдөөсүнө ылайык, 2015-жылдын жыйынтыгында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда эл ачкачылыктан көбүрөөк азап чегери аныкталды. Эл аралык азык-түлүк институтунун адистери жүргүзгөн сурамжылоодо адамдардын тамак-аш менен камсыз болуусу, беш жашка чейинки балдардын аң-сезиминин өсүшү жана балдар өлүмү негиз кылып алынган.

Жыйынтыгында, Тажикстандагы калктын 30% жетиштүү тамактанбай турганы аныкталган. Экинчи тепкичте 13,3% менен Өзбекстан, үчүнчү орунда 12,9% менен Түркмөнстан турат. Кыргызстан 9,4% менен төртүнчү, Казакстан 8% менен бешинчи тепкичте.

Дүйнө жүзү боюнча ачкачылык эң көп катталган мамлекет Түштүк Африка Республикасы. Аталган өлкөдө элдин 46% көбүрөөгү жетиштүү тамактанбайт. (SE)

XS
SM
MD
LG