Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Германияда аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдүн биринчиси камалды


Германияда аялдарга асылгандарга каршы жыйын.
Германияда аялдарга асылгандарга каршы жыйын.

Немис полициясы жаңы жыл түнүндө Көлн калаасында аялдарга массалык кол салуу кылмышы боюнча алгачкы шектүү кармалганын жарыялады. Колго түшкөн адам Алжирдин 26 жаштагы тургуну. Ал Керпен шаарындагы качкындар лагеринде баш калкалап жүргөн.

31-декабрда Көлн шаарында белгисиз кишилерден ыдык көргөн 497 аял күч органдарына арызданган. Алардын дээрлик жарымы сексуалдык мүнөздө зомбулукка кабылганын айтышкан.

Полиция кылмышка шектүү катары буга чейин 19 адамды аныктаган. Алардын баары башка мамлекеттерден качкын болуп келгендер.

Германия өткөн жылы 1 миллиондон ашуун мигрантты кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG