Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Мандат талаш маселеси парламенттик комитетте каралат


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитети бүгүн мандат талашып, БШК менен соттошуп жаткан депутаттар маселесин карамай болду. Мындай чечим бүгүн кабыл алынды.

Комитеттин төрайымы Галина Скрипкина буга каршы чыгып, соттун ишине кийлигишүү болуп каларын эскертти. Бирок "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен "Өнүгүү Прогресстин" жетекчиси Бакыт Төрөбаев комитет бул маселени кароого укуктуу экенин айтышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк маселеге кайрылууга макулдугун берди.

Боршайком депутаттарга маалымат берет.

Белгилүү болгондой, учурда "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова БШК менен соттошуп жатат. Өткөн аптада Боршайком фракциянын сунушу менен алардын мандатын алып коюу чечимин чыгарган. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.

Ага чейин "Республика "Ата-Журттан" шайланып келген Жыргалбек Саматовдун мандаты бир нече жолу алынып, кайра берилген. Соңунда фракция аны өз катарынан чыгарып койгон. (SzD/RK)

XS
SM
MD
LG