Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Парламенттик комитет Орусия менен ГЭС боюнча келишим денонсациясын колдоду


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кабыл алынган ГЭС куруу боюнча макулдашууну денонсациялоо демилгесин колдоду. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Комитет төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев буга чейин маселе ар бир фракцияда каралып, баары тең денонсацияга макул болду. Эми тиешелүү документ парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Орус өкмөтү Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга убада кылган. Бирок иш жылбай жатканына байланыштуу кыргыз өкмөтү бул макулдашуудан чыгууну чечти. (SDz/RK)

XS
SM
MD
LG