Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Аңчылыкка тыюу салуу сунушталууда


Парламент депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгелешти. Анда өлкөдө 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу сунушталууда.

Бирок анда карышкыр, түлкү жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу чараларына каршы келбей турган жолдор каралмакчы.

Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 пайдалануучу бар, алардын 1 мамлекеттик, 9 коомдук уюм жана 42 жеке адам. Жалпы аянт 14,4 миллион гектар жер. Анын 7,2 миллиону гана мамлекеттик.

2013-жылы Аңчылык департаменти 710 аңчылык эрежелерин бузуу фактын каттоого алып, чыгым 3 миллион сом деп эсептелген. Эң негизгиси, жапайы жаныбарлардын саны акыркы 20 жылда өтө эле азайды.

Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG